Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө суу түтүктөрү жаткырылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, шаардын Тыныстанов-Балтагулов, Ибраимов, Арча-Бешик көчөлөрүндө саркынды суу түтүктөрүн жаткыруу үчүн жана Көк-Арт кичирайонундагы Алиев, Умаркулов көчөлөрүндө суу түтүктөрүн жаткыруу үчүн жолдор казылууда.
Жалал-Абад мэриясы жаралган ынгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.
Пикир
Оставить комментарий