• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абаддын Кызыл-Суу айылындагы жайыт жерлердин абалынан кабар алынды

Аймак 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте Кызыл-Суу айылынын жайыт жерлеринин абалына мониторинг жүргүзүштү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган айылдын жайыт комитетинин башчысы Назан Сактанбаевдин айтымында, учурда жайлоодо мал чарбачылыгы менен күн өткөргөн малчылардын жайыт жерине баруу үчүн 50 чакырым жолду оңдоо, атайын техника менен сүрдүрүп тазалоодо көйгөй бар экенин айтты.

Мындан сырткары, 745 гектар жайыт жердин 300 гектардан ашууну жайытка жараксыз жерлер деп табылып, жайыт жерди кыскартуу талабын билдиришип, пайдасынан зыяны көп болуп жаткан жайыт жерге болгон төлөмдөр ижарачыларды канааттандырбай жатканын баса белгилешти. Алар, эл өкүлдөрүнөн маселени оң тарабына чечип берүүнү суранышты.

Көйгөйдү жеринен көргөн эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын суроо-талабы эске алынарын билдирип, маселени келерки сессияга алып чыгууну убадалашты.

Учурда 17 түтүн жайлоодо малчылык менен алектенет.

Белгилей кетсек, Кызыл-Суу айылында 745 гектар жайыт жер болсо, 21,5 гектар кайракы, 73 гектар чөп орок жер бар.

Пикир

Оставить комментарий