• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абаддын жашоочулары Баткенге жардам жөнөтөт

Аймак 0

Бишкек, 30.04.21 /Кабар/. Жалал-Абаддын жашоочулары Баткенге жардам жөнөтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен элине гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн бардык жарандар шаардык ыкчам штабдын уюштуруусу астында чогулууда. Учурда жеке ишкерлер, сатуучулар, тургундар, жаштар өз салымдарын кошуп, азык-түлүк чогултуу уланууда.

“Азык-түлүктөр мэриянын жана облустук администрациянын алдында унааларга топтолуп жатат. Жакынкы сааттарда жүк ташуучу унаа менен Баткенге жөнөтүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий