Жалал-Абадга Кытайдын Анканг шаарынан делегация келди

Аймак 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарына Кытайдын Анканг шаардык парткомунун секретары Ву Вэнган баштаган делегация келди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап аймактардын артыкчылыктуу потенциалына токтолуп, кызматташуу мамилелерин тереңдетүү, соода-экономикалык, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жыйындын соңунда Жалал-Абад шаары менен Кытайдын Анканг шаарынын ортосунда өз ара кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Делегация курамына бүгүн Жалал-Абад шаарында жайгашкан бир катар өндүрүштүк мекемелердин ишмердүүлүгү тааныштырылат.

Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында облус башчысы Абсаттар Сыргабаев баштаган Кыргызстандын делегациясы Кытайдын Анканг шаарында барып келишкен. Аталган шаарында 3 млн калк жашап, калаада завод-фабрикаларды иштетүү, нанотехнология тармагы, чай өстүрүү жана экскпортко чыгаруу багыты өнүккөн.

Пикир

Оставить комментарий