• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"Жалалабатэлектр" ишканасы: Күз-кыш мезигилине даярдык көрүүнүн алкагында күндүз жарык өчүрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коому күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүзүп жатат, ага байланыштуу күндүз электр энергиясы убактылуу өчүрүлүүдө.

Аталган ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, "Жалалабатэлектр" жыл башында бир жылдык иш планды иштеп чыгат. Анын негизинде эрте жаздан тарта жер-жерлерде ондоп-түзөө жумуштары, кайрадан калыбына келтирүү жана жаңы электр мамычаларды орнотуу сыяктуу бир топ жумуштар аткарылышы керек.

"Үстүбүздөгү жылы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ондоп-түзөө жумуштары бир жарым айга токтотулган. Учурда облустун бардык район-шаарларында 2020-2021-жылдын күз-кыш айларына карата даярдыктар тынымсыз жүрүп жатат. Урматтуу абоненттер, азыр ондоп-түзөө жумуштарын талапка ылайык аткарбасак, күз-кыш мезгилинде элдин жарыкка болгон муктаждыгы эселеп өскөн учурда, жарык берүү үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.

"Жалалабатэлектр" ААКсы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн элден алдын ала кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий