• 87
  • 89.63
  • 0.85

Жалдагы ооруканада жыл башынан бери бөйрөк алмаштыруу боюнча 20 акысыз операция ийгиликтүү жасалды

Ден соолук 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Жыл башынан бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөк алмаштыруу боюнча бюджеттик негизде 20 акысыз операция ийгиликтүү жасалды.

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, декабрдын аягына чейин дагы ушундай эки операция кылынат.

Ал эми 2025-жылга бюджеттик негизде 50 операция мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында мындай операциялар 2018-жылдан бери кыргыз хирургдары тарабынан жасалып келет. Жалпысынан 62 операция болду.

Ошондой эле Кыргызстанда биринчи жолу 13 жаштагы кыздын сөөк чучугу алмаштарылды. Дары каражаттары менен камсыздоо иштерин “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий