• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Жалган маалымат тараткандарга айып пул салуу аргасыз кадам – Бакытбек Жумагулов

Коом 0

Бишкек, 07.09.24. /Кабар/. Маалымат мейкиндигинде фейктердин жайылышы, же аң сезимдүү түрдө маалымат аркылуу коомду манипуляциялоо демократиянын жетишкендиги, же мыкты көрсөткүчү боло албайт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине саясатчы Бакытбек Жумагулов билдирди.

Анын айтымында, бардык өнүккөн өлкөлөрдө калп, же жалган маалымат таратуу – жазалануучу иш-аракет болуп саналат.

"Бул маселе жарандык-укуктук багытта да так жөнгө салынат. Мында анык эмес маалыматтарды тараткандар үчүн айып пулдар каралган. Жалган маалымат тараткандарды жоопкерчиликке тартуу менен айып пул салуу нормалдуу цивилизациялуу мамиле жана анын туура экендигине эч кимде шек саноо жок.

Калп, же жалган маалымат бийликке кысым көрсөтүүчү курал, же саясий максаттарга жетүү жолу катары колдонулбайт. Эгер маалымат айдыңындагы мындай абалды колдон чыгарсак, мамлекетибиздин келечеги үчүн коркунуч жаралышы мүмкүн. Ошондуктан, жалган маалымат тараткандарга карата айып пулду жогорулатуу кандайдыр бир деңгээлде аргасыз кадам болууда. Ошол эле учурда, бул чөйрөнү жөнгө салуучу компетенттүү мамлекеттик органдар да чечим кабыл алууда ырааттуу жана объективдүү болуусу шарт”, - дейт Бакытбек Жумагулов.

Пикир

Оставить комментарий