Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирусту жуктурган жаңы 8 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, вирус Наманган менен Навионин экиден тургунунда жана Ташкенттин 4 тургунунда катталды. Алар илдетти жуктуруп алгандар менен байланышта болгон. Мындан улам, COVID-19 158 адамдан табылды.
Эскерте кетсек, COVID-19 илдети Өзбекстанда алгач 15-мартта катталган.
Пикир
Оставить комментарий