Бишкек, 25.08.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Акжол Махмудовдун Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында кийген спорттук кийими аукциондо 6 миң 500 долларга сатылды. Бул тууралуу спортчу өзүнүн инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.
Аукциондун башка катышуучулары тарабынан 19 миң 500 доллар өлчөмүндө каражат берилген. Жалпы 26 миң доллар чогулду.
"Түшкөн каражат 100 пайыз кайрымдуулукка жумшалат", - деп жазат спортчу.
Эскерте кетсек, Акжол Махмудов Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына грек-рим күрөшү боюнча мелдеште күмүш медаль тагынган.
Пикир
Оставить комментарий