• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалпы 44. Кыргызстанда коронавирустан дагы 5 адам айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан дагы 5 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Дагы 5 адам оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ош облусунда 1 адам, Жалал-Абад шаарында 3 жана Бишкекте 1 адам айыгып чыкты. Жалпы айыгып чыккандардын саны 44кө жетти", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-апрелге карата коронавирус жуктурган 41 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 339га жетет. Алардын ичинен 44 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий