• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казына тилкелеринин Реестри бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 06.07.19. /Кабар/. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казына тилкелери бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бул чечим “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Ушул негизде жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык мамлекеттик маанидеги жер казынасынын бөлүктөрүнүн Реестрин бекитүү чечими кабыл алынды.

Кабыл алынган чечимдин негизинде конкурска коюлган жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелерине конкурс өткөрөрдө, айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын ченемдерин сактоо менен өтөт.

Белгилей кетсек, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жаңы редакциясында “Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлердин тизмеси” түшүнүгү алынып, анын ордуна “Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын бөлүктөрүнүн реестри” болуп алмаштырылган.

“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 13-беренесинин 2-пунктуна ылайык жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин реестрин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтү аныктайт жана бекитет. Ошондой эле реестр жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин бурчтук чекиттеринин координаттарын милдеттүү тартипте камтууга тийиш.

Жайгашкан жери бизди кызыктырган картадагы чекиттери координаттардын жардамы менен аныкталат. Карта боюнча жерлердин координаттык чекиттерин географиялык координаттарды пайдаланат. Географиялык координаттар бурчтук чоңдуктарды билдирет (кеңдикти жана узундукту). Бул экваторго жана меридианга салыштырмалуу башкы деп кабыл алынган жер бетиндеги чекиттин ордун аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий