• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалпы суммасы $170 миң. Корея Республикасы КР ИИМге акысыз электромобилдерди берет

Коом 0

Бишкек, 28.11.23./Кабар/. Корея Республикасы КР Ички иштер министрлигине жалпы суммасы 170 миң долларды түзгөн электромобилдерди акысыз берет. Тиешелүү меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Документке бүгүн ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана Корея Республикасынын КРдагы элчиси Ли Вонджэ кол койгон.

Эки тараптуу жолугушууга Кыргызстандагы KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Ли Жонсу, вице-консул Бан Ки Дон жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын, КР ИИМдин Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчилери катышты.

Адылбек Бийбосунов министрлик коопсуздук жаатында эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну активдүү өнүктүрүп, бекемдеп жатканын белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын октябрында КР ИИМ менен Корея Республикасынын Улуттук полиция агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Буга Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги түздөн-түз жана маанилүү көмөк көрсөткөндүгүн белгиледи.

Сөзүнүн аягында министрдин биринчи орун басары Корея Республикасынын элчилигине Кыргызстандын ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Ли Вонджэ КР ИИМ менен өз ара кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий