• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жамалбек Ырсалиев кайрадан Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын вице-мэри, Сазыкулов Максатбек Шекербекович Биринчи май районунун башчысы болуп дайындалды.

Садырбеков Азиз Садырбекович КР президентинин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти кызматынан ротациялоо менен мэриянын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Пикир

Оставить комментарий