• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

Жаманкулов Бишкектин орто кылымдагы тарыхын сактаган "Кузнечная крепость" жайы менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Жибек Жолу менен С. Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинин түндүк-чыгышында жайгашкан "Кузнечная Крепость" археологиялык эстелиги менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жерде VII-VIII кылымдарга таандык тарыхый маалыматтарда Джул деп көрсөтүлгөн конуш болгон. Конуш орто кылымдардагы Жибек Жолунун боюнда жайгашкан. Аталган жай республикалык маанидеги тарыхый маданий мааниси бар мамлекеттик тизмеге кирген.

Азыркы учурда чеп 6 гектар жерди ээлеп, айланасы жаңы курулуштар менен курчалган.

Бул аймакка XX кылымдын орто ченинде жергиликтүү эл жигердүү отурукташа баштаган. Азыр жеке үйлөр салынып, чептен маданий катмары сакталган дөбө гана калган.

Пикир

Оставить комментарий