• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Жамиля Исаева Россия Мамдумасынын тармактык комитетинин төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.10.2024. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Василий Пискарев менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Динара Ашимова, Айсулуу Мамашова, Карим Ханджеза, ошондой эле аталган комитеттин депутаттары Юрий Афонин, Дмитрий Савельев, Михаил Старшинов, Александр Терентьев да катышты.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева эки өлкө ортосундагы саясий алакалардын жогорку динамикасын белгилеп, мамлекет башчыларынын өз ара расмий иш сапарларын эске салды.

"Биз Россия менен диалогду жана бардык тармактар боюнча калыптанган байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Мамлекеттерибиздин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыгы эки тараптуу деңгээлде да, КМШ ПАА жана ЖККУ ПА сыяктуу парламенттер аралык уюмдардын форматында да жигердүү өнүгүүдө", - деген эл өкүлү Кыргызстан инвестицияларды тартууга, Россия менен соода-экономикалык мамилелерди арттырууга даяр экендигин кошумчалады.

Муну менен катар Жамиля Исаева коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөлөрүндөгү маселелерге токтолуп, алар туруктуу өнүгүүдө негизги роль ойнорун белгиледи.

Жолугушууда депутат Алишер Эрбаев Мамлекеттик Думанын депутаттарынын көңүлүн Россиянын миграциялык саясатына байланышкан мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө бурду. Ал белгилегендей, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу жөнүндө келишимде товарлардын эркин жүрүүсүн жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн жарандарына эмгек ишмердүүлүгүн тоскоолдуксуз жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү ченемдер бар.

Өз кезегинде Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Василий Пискарев биримдик жана стратегиялык өнөктөштүк принциптеринин негизинде өнүгүп жаткан эки тараптуу мамилелердин жогорку динамикасын белгиледи. Ошону менен бирге комитет төрагасы тармактык комитеттердин деңгээлинде коррупцияга, терроризмге, наркокылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Андан тышкары, Россиянын миграциялык саясатына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамдарга токтолуп, ал Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзамсыз миграцияга каршы турууга багытталган деп ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий