• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жамиля Исаева Санкт-Петербургда IV Евразиялык Аялдар форумуна катышууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева 18-20-сентябрь күндөрү Санкт-Петербург шаарында «Аялдар ишенимди бекемдөө жана глобалдык кызматташтык үчүн» аталышындагы IV Евразиялык Аялдар форумунун пленардык сессиясына катышууда.

Жыйында сөз сүйлөгөн Жамиля Исаева айымдар балдарына жана үй-бүлөсүнө кам көрүү менен бирге коомдун социалдык-экономикалык жана саясий турмушунда маанилүү роль ойноп, мамлекеттерибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келе жатканын баса белгиледи.

«Гендердик теңчиликти өнүктүрүү Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын маанилүү багыттарынын бири. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча атайын программа бекитилди», - деген Жамиля Исаева бул документте саясатта жана коомдо аялдарды колдоо, тоскоолдуктарды жоюу боюнча чаралар камтылганын кошумчалады.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары 2023-жылдын март айында Кыргызстан менен Россия I Аялдар форумун ийгиликтүү өткөрүшкөнүн эске салып: «Кыргызстан 2024-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалогунда төрагалык кылууда, бул гендердик теңчилик жаатында аймактык кызматташууга умтулуубузду баса белгилейт. Ага ылайык, 23-майда Бишкек шаарында диалогдун биринчи жыйыны болуп өттү. Анда санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды жайылтууда аялдардын ролу талкууланды», - деди Жамиля Исаева.

Эл өкүлү белгилегендей, диалогдун экинчи иш-чарасын октябрьда «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук: Борбор Азия регионунда жана Афганистанда тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөдө аялдардын ролу» темасында форум форматында өткөрүү пландаштырылууда.

Төраганын орун басары Кыргызстан мындай форумдарга жана долбоорлорго жигердүү катышууга даяр экендигин белгилди.

"Климаттын өзгөрүшү, экономикалык туруксуздук жана социалдык теңсиздик сыяктуу глобалдык чакырыктар бирдиктүү күч-аракетти талап кылат. Андыктан, айымдар глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө уникалдуу көз караштарын алып келүү менен бул аракеттердин башында болушу керек. Анткени аялдар – коомубуздун бир бөлүгү гана эмес, анын активдүү жаратмандары», - деди Исаева.

Пикир

Оставить комментарий