• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жамиля Жаманбаева Алматыда Борбор Азия аялдарынын форумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Алматы шаарында өткөн Борбор Азия аялдарынын Be Woman форумуна катышты.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, анда аялдардын лидерлиги, гендердик зомбулук жана дискриминация, ишкердиктин заманбап тенденциялары жана аймактык коммуникация маселелери талкууланды.

Жамиля Жаманбаева форумда “Аялдар жана мамлекет: стратегиялар жана өз ара аракеттенүү” темасында Кыргызстанда гендердик теңчиликти мамлекеттик деңгээлде алга жылдыруу тууралуу айтып берди.

Ошондой эле ал Кыргызстанда аялдардын ордун жана укуктарын камсыз кылуу жаатында 30 жыл аралыгында бир топ олуттуу кадамдар жасалганын белгиледи.

Шайлоодо гендердик квотанын киргизилиши жана башка мыйзамдык демилгелер кыргызстандык аялдардын мамлекетттик деңгээлде чечимдерди кабыл алуусуна катышуусуна жол ачты.

2022-жылы 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Улуттук стратегия кабыл алынган. Быйыл лидер аялдарды колдоого багытталган Мамлекеттик программа бекитилип, анда 2030-жылга чейин жүргүзүлө турган иш чаралар мерчемделген.

“Бул документтер аялдардын коомдогу ролун жана мамлекетти башкаруудагы ордун жогорулатат. Жумуш ордунда зордук-зомбулукту жана куугунтуктоону жоюуга багытталган Конвенциянын ратификацияланышын өзгөчө белгилөөгө болот”, - деди ал.

Мындан тышкары, Жамиля Жаманбаева лидер аялдар социалдык-экономикалык өсүүгө салым кошуп, жалпысынан мамлекеттин өнүгүүсүнө жакшы таасир берерин айтты.

Бирок дагы да болсо жүргүзүлгөн аракеттерге карабастан, аялдар дагы эле коомдо теңсиздикке жана зордук-зомбулукка кабылышууда.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды, саясатчыларды жана активисттерди аялдардын абалын жакшыртуу боюнча биргеликте күч-аракеттерди жумшоого чакырды.

"Биздин милдет – ар бир аял өзүнүн дараметин ишке ашыра ала тургандай кылып шарттарды түзүү. Аялдардын лидерлиги мүмкүнчүлүк гана эмес, кайра куруунун реалдуу күчү болуп калууга тийиш. Биз аялдар бири-бирибизди шыктандырып, колдой алабыз. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз аялдардын лидерлигин илгерилетүү, тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр кепилденген коомду курууда олуттуу ийгиликтерге жетише алабыз деп ишенем", - деп кошумчалады Жамиля Жаманбаева.

Белгилей кетсек, иш-чарага 8 өлкөдөн 35тен ашык спикер жана Борбор Азиядан 350 аял катышты.

Пикир

Оставить комментарий