• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Акыйкатчы менен жолугушууда Ысык-Көл облусунун тургундарынын айрым маселелери жеринен чечилди

Аймак 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургундары менен жолугушуп, алар айткан айрым маселелер жеринен чечилди.

Акыйкатчы институтунан маалымдашкандай, жолугушууга келген аксакал жер участогун тарттырып жибергенин айтып, акыйкатчынын жардам берүүсүн өтүндү.

“Мага 90-жылдары мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген жер участогумду тартып алышты. Барбаган жерим калган жок. Бардык мамлекеттик органдарга кайрылып, акыйкаттык издеп келем. Мындай чечимди менин агамдын чуулгандуу ишине байланыштуу го деп ойлойм”, - деди аксакал.
Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды аксакалдын ишин көзөмөлгө алууга чакырды.

Жолугушуунун аягында аксакал Башкы прокуратурадан чалып, анын жер маселеси боюнча көйгөйү чечилгенин кабарлашканын айтты.

Мындан тышкары, дагы бир тургун майыптыгы бар балдары жалпы билим берүүчү мектептен билим алуусуна башка окуучулардын ата-энелери каршы болуп жатканын айтты.

“Менин балдарымдын мектепке барып билим алуусуна башка окуучулардын ата-энелери каршы болууда. Ошол себептен майыптыгы бар балдарым мектепке бара албай жатышат. Сизден сурарым, балдарым коомдо өгөйлөнбөй, эл менен чогуу мектепке барып, билим алышына жардам берип, укуктарын коргоп бериңиз”, - деди эне.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин балдардын укуктарынын сакталышын камсыздоого чакырды.

Президенттин Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары майыптыгы бар балдардын билимге болгон укугун камсыздоого аракеттер көрүлөрүн билдирди.

Ошону менен катары эле шаар тургуну Сурия Матниязова 26 жыл мурда жеке менчик үйүн Каракол мэриясы алып коюп, ошондон бери соттошуп жүргөнүн билдирди.

Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдар Акыйкатчы институтунун кайрылуусунан кийин, Матниязованын маселесин чечүүгө бардык чараларды көрүп жатканын белгиледи.

Облустун прокурору Матниязованын көйгөйү оң жака чечилгенин белгиледи.

Эске салсак, өткөн жылы акыйкатчынын Ысык-Көл облусунун эли менен болгон жолугушуусунда Матниязова кайрылып, жардам сураган. Бир жыл аралыгында Акыйкатчы институту анын маселеси оң жака чечилишине болгон күч-аракеттерин жумшады.

Пикир

Оставить комментарий