• 87
  • 90.41
  • 0.84

Акыйкатчы Жаманбаева Караколдогу тергөө абагында кармалгандардын абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы тергөө абагында кармалгандардын абалы менен таанышты.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, акыйкатчы кармалгандардын камераларына кирип, баарлашты. Кармалгандар тергөө абагындагы кармоо шарттарына нааразычылыгын билдиришкен жок. Бирөө гана акыйкатчыга тамак-ашты жакшы бербей жатканын, капуста менен тамактанып жатканын айтты.

Ошондой эле камактагылардын бири акыйкатчыга жазуу түрүндө кайрылып, анын укугун коргоону суранган — ал Караколдогу терөө абагынан Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканага которууну тездетүүнү өтүнгөн.

Акыйкатчы жогорудагы жарандын ишин карап чыгып, тергөө абагынын жетекчилигин күчүнө кирген соттун чечимин аткарууга чакырды. Абактын жетекчилиги которуу иши 2-ноябрга белгиленгенин билдирди.

Мындан тышкары, акыйкатчы аялдар отурган камерага да барды. Алар тергөө абагынын кармоо шарттарына эч кандай нааразычылыгын билдиришкен эмес.

Ошондой эле Жаманбаева жашы жете элек өспүрүмдөр менен да баарлашты. Алар да абактын кармоо шарттарына жана укук коргоо органдарынын аларга карата жасаган мамилесине нааразычылыгын билдиришкен эмес.

Андан ары акыйкатчы жалпысынан тергөө абагынын абалы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий