• 86.8
  • 91.27
  • 0.81

Жамин Акималиев: Айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү Германиянын тажрыйбасы Кыргызстанга абдан керек

Аналитика 0

Улуттук илимдер академиясынын академиги, легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев президент Садыр Жапаровдун Германияга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча айыл чарба тармагындагы байланыштарды ырастоонун маанисин өзгөчө белгиледи.

Анын пикири боюнча, немис дыйкандарынын тажрыйбасы ата-мекендик фермер чарбаларынын жана айыл чарба кооперативдеринин өнүгүшүнө абдан пайдалуу. Эгерде Германиядагы алдыңкы ыкмаларды биздин шартта жайылта алсак, анда өзүбүздүн азык-түлүк коопсуздугубузду гана камсыздабастан, жашылча, жер-жемиш, мал чарба жана кайра иштетилген продукцияны экспорт кылууга дагы мүмкүнчүлүк болот.

Президент Садыр Жапаровдун Германияга жасаган сапарына кылдаттык менен көз салып турдум. Анткени, ал өлкөдө 85 миллион калк жашайт жана ал өнөр жай жана технологиялык тармактар боюнча дүйнөдөгү лидер болуп эсептелет. 2017-жылы Германиянын ички дүң өнүмү 3,7 триллион долларды түздү же болбосо ар бир атуулга 45 миң доллардан өндүрүлдү. Товарларды экспорттоо жана импорттоо боюнча Германия дүйнөдө үчүнчү орунду ээлейт жана элинин жашоо деңгээли жогору турган, ошондой эле социалдык камсыздоону, саламаттык сактоонун универсалдуу системасын, айлана-чөйрөнү коргоонун жана акысыз жогорку билим берүүнү ишке ашырган өнүккөн өлкө болуп эсептелет. Азыркы кырдаалдагы саясий жана экономикалык каатчылыкка карабастан, Германия 27 өлкөдөн турган Европалык Биримдиктин ички дүң өнүмүнүн 30 пайызын түзөт.

1970-жылы Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин биринчи орун басары болуп турганда, ошол кездеги Германия Демократиялык Республикасына (ГДР) барып келген жайым бар. Ошондо бизди советтик «Волгага» отургузушуп Берлинден Лейпцигге чейин унаа менен алып барышкан. Жолдо бара жатып айыл чарба өндүрүшүнүн акыбалы менен тааныштык. Мени мамлекеттик айыл чарба кооперативдеринин аябай өнүккөнү таң калдырган. Эмне дегенде алар, биринчи кезекте эгин талааларынын тазалыгы жана маданияттуулугу, которуштуруп айдоону өздөштүргөндүгү жана айыл чарба иштеринин бардыгын толугу менен механикалаштырганы көңүлүмдү бурду. Дагы бир жаңылык – айыл чарба өндүрүштүк кооперативдердин бардыгы машина-тракторлук станцияларынын (МТС) курамында болгондугу. Мындай учурда айыл чарба жумуштарынын өз убагында жана сапаттуу аткарылгандыгы аныкталды.

90-жылдардын соңунда эки Германия бириккен Федеративдик Германия Республикасына (ФРГ) барып калдым. Анда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана өзгөчө кант кызылчасынын селекциясы жана үрөнчүлүгү боюнча уюштурулган KWS аттуу компаниясынын иши мени тим эле суктандырды. Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту менен ошол KWS компаниясынын ортосунда келишим түзүп, биз бир нече жыл чогуу иштедик. Германиянын өкүлдөрү дагы Кыргызстанга келип кетишти. Натыйжада, кант кызылчасынын жогорку түшүм берүүчү сорттору жана гибриддери жаралып, алардын үрөнчүлүгү дагы уюштурулду. Ошентип кант кызылчасынын сапаттуу уруктары менен өзүбүздү гана камсыз кылгандан тышкары, аларды Орусия жана Украинага жөнөтүп турдук.

Батыш Германиянын айыл чарбасында үй-бүлөлүк чакан фермалар менен бирге ирилешкен кооперативдер дагы ийгиликтүү иштегендигине күбө болдук. Ал жерде кооперация маселесине аябай көңүл бурушат экен. Мисалы, немистердин айыл чарба кооперативдеринин бир жылдык таза кирешеси 50 миллиард еврого чейин жеткендиги кимди гана таң калдырбасын. Кооперативдердин карамагына азык-түлүк базарлары гана эмес, курулуш материалдарды сатуу боюнча дүкөндөр жана машина, тракторлорго май куюучу атайын жайлар дагы өткөрүлүп берилген. Ушунун бардыгы кооперативдердин киреше булагы болуп саналат. Бир эле мисал келтирейин. 1923-жылы Мюнхен шаарында уюштурулган айыл чарба концерни бир жылда 15 миллиард евро өлчөмүндөгү каражатты камсыз кылат экен. Бул мекемеде 16 миң киши иштейт. Анын дүйнө боюнча 34 өлкөдө өкүлчүгү бар. Өлкөнүн ичиндеги концерндин аткарган кызматы, бул – кооперативдердин ишин пландаштыруу, эсеп-чотун жүргүзүү, өндүрүлгөн азык-түлүктү сактоо жана аны өз учурунда жакшы баада сатуу, анын тийиштүү көлөмүн экспортко чыгаруу жана товар өндүрүүчүлөрү менен даяр продукцияны кайра иштетүү өнөр-жайынын ортосунда көпүрө болуп берүү. Мындан тышкары концерндин кампаларында жана транспорттук инфраструктуранын негизинде азык-түлүктүн керектүү кору топтолуп, аларды баалар кымбаттап кеткен учурда сатыкка чыгарып баа саясатын турукташтыра алышат.

Бул маселелердин бардыгына кеңири токтолуп жаткандыгымдын себеби, 2024-жылдын 22-июлунда чыккан президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыгын ишке ашырууда Германиядагы айыл чарба кооперативдеринин алдыңкы тажрыйбасы бизге пайда алып келет деп үмүттөнөм. Өлкө башчы өзүнүн Жарлыгында министрлер кабинетине «фермердик чарбалардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана ири товардык өндүрүштү көбөйтүү үчүн аларды кооперативдик же чарбанын башка формаларына ыктыярдуу бириктирүүгө дем берүү, агроөнөр жай секторунда ири товардык өндүрүшкө жеңилдетилген кредит берүүнү өркүндөтүү жана жөнөкөйлөтүү, мамлекеттик банктарда долбоордук каржылоо системасын киргизүү боюнча атайын чараларды иштеп чыксын» деген тапшырма берген.

Чындыгында, мамлекет башчысынын жарлыгы өз учурунда жарык көрдү, себеби биз мындан ары майда-чүйдө жана киреше бербеген фермер чарбалар менен алдыга жыла албайбыз. Бүткүл дүйнөнүн, анын ичинде Германиянын тажрыйбасы таамай тастыктагандай, ирилештирилген чарбалар гана продукциянын өздүк наркынын төмөн жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн жогору болушун камсыз кыла алат. Буга 1994-жылы теңирден тескей жүргүзүлгөн агрардык-жер реформасынан мурдагы ишке ашып келген айыл чарбабыздын жарым кылымдык жакшы тажрыйбасы дагы далил боло алат. Ал кезде Кыргызстанда болгону 500 гана ирилештирген колхоз, совхоздор бар эле. Алардын ар биринин орточо айдоо аянты 2300 гектар жерге барабар болгон жана өндүрүштүк инфраструктурасы толугу менен максатка ылайык болчу. Мына ушунун негизинде биз азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылып келгенбиз, ал турмак эт жана пияз боюнча Москва менен Ленинграддын муктаждыгын толук жапчубуз.

Азыркы мезгилде болсо, бизде 450 миң майда дыйкан чарбалары бар. Алардын орточо аянты 1,5-2 гектар жер. Майданын иши майда экен да. Ушунун кесепетинен негизги байлыгыбыз болгон касиеттүү жерибиз натыйжалуу пайдаланылбай аябай арыктап кетти жана жогорку түшүмдү бере албай калды. Чогуу иштөө жоктугунан «ар ким өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип» алышты. Пландоо иши жоюлгандан кийин ар ким өз каалаган өсүмдүгүн сээп, анан аны сата албай зыян тартууда. Асыл тукум аппак койлор аракка сатылып, алтындай жүндөн кол жуудук. Желини жарылган зоот уйлардан ажырадык. Кыскасы мал чарбабыз дагы майдаланып кетти. Жүрүп отуруп, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо 30 пайызга чейин төмөндөдү. Калган 70 пайызын өзүбүз өндүрө албай, сырттан кымбат баада сатып келүүдөбүз. Мындай кыйын абалдан чыгуунун бир гана жолу бар. Ал, президентибиздин Жарлыгында көрсөтүлгөндөй, көп сандаган майда чарбаларды ыктыярдуу түрдө ирилештирип, аларды кооперативдерге бириктирүү.

Демек, президент Садыр Жапаровдун Германияга жасаган сапарынын аймагында биз айыл чарба кооперативдерин түзүү боюнча Германия менен чогуу иштөөнү камсыз кылышыбыз зарыл. Менин оюмча, алар бул жагынан алдыңкы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр. Бирок ал үчүн тийиштүү келишимдер же болбосо инвестициялык долбоорлор талап кылынат. Мындан тышкары бул келишимдерде Германиянын айыл чарбасында колдонулуп жаткан инновациялык технологиялардын биздин шартка ылайыкташтыруусу дагы каралышы керек.

Эгерде бизде өндүрүлгөн азык-түлүктүн 5 пайызы гана кайра иштетилсе, Германияда бул көрсөткүч 70 пайыздан жогору турат. Ошонун негизинде киреше да көп алынат. Кайра иштетүүнүн начарлыгынан, товарларды ташып келүүнүн жана аны сактоонун уюшулбагандыгынан, ошондой эле, алынган продукцияны өз убагында сатуу жана экспортко чыгаруу төмөнкү деңгээлде болгондуктан, биз жыл сайын өзүбүз өндүргөн азык-түлүктүн 30 пайызын коромжуга учуратып жатабыз. Эмне үчүн ушуга байланыштуу Германиялык тарап менен Кыргызстанда логистикалык борборлорду жана кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду түзө албайбыз? Эгерде инвестициялар агылып келсе, эмне үчүн аларга жеңилдик бере албайбыз? Эмне үчүн чет элдик инвесторлорду ар тарабынан колдоп, алардын менчигин сактоого мамлекет тарабынан кепилдик бере албайбыз? Жогорудагы суроолорго жооп берсек эле, бардыгы ойдогудай болот.

Дагы бир жагдай, тилекке каршы билим берүү тармагындагы Германиянын алдыңкы ыкмаларын толугу менен пайдалана албай жатабыз. Буга карата бир мисалга токтолойун. 1996-жылы уюшулган Кыргыз агрардык академиясы студенттерди жана илимий кызматкерлерди окутуу, стажировкадан өткөрүү жана алмашуу боюнча түзүлгөн Германиянын DAAD деген атайын кызматы менен түздөн-түз байланышып тийиштүү келишимге кол койгон эле. Ага ылайык, академиянын студенттерине жыл сайын Германиянын мыкты жогорку окуу жайларынан билим алууга жана тажрыйба алмашууга атайын стипендиялар бөлүнүп турган жана алардын жашоосуна жакшы шарттар түзүлгөн. Ал турмак Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин биринчи орун басары Улан Бримкулов менен мен, Кыргыз агрардык академиясынын президенти катары, DAAD кызматынын штаб-квартирасы жайгашкан Бонн шаарына барганбыз жана биздин студенттер окуган Германиянын жогорку окуу жайларын кыдырганбыз. Алардын өкүлдөрү дагы бизге келип кетишкен. Кыскасы, немистин DAAD кызматынын жардамы менен бир нече студенттер чет өлкөдө окуп билимдерин кеңейтти жана өрчүттү. Кийин алардын алдыңкылары мыкты мугалимдерден болуп чыгышты жана кээ бирлери жогорку окуу жайларынын ректоруна чейин жетишти. Кыргызстанда азыркы учурда 63 жогорку окуу жайы бар. Президентибиз Германиядан келгенден кийин алар атайын программа түзүшүп, Германиянын академиялык DAAD кызматы менен байланышты орнотуусу максатка ылайык. Мындай аракет жогорку даражадагы адистерди даярдоонун сапатын кескин жакшыртууга шарт түзөт. Бул болсо экономикабыздын өркүндөшүнө орчундуу салым болуп калышы мүмкүн.

Президент Садыр Жапаровдун Германияга жасаган расмий сапарынын натыйжасында эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык иштери жакшырат деген ойдомун. Ушул мезгилде Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-сатыктын жылдык көлөмү 490 миллион доллар түзөт экен. Бул эми өтө эле аз да. Эгерде республикабыздын тийиштүү мамлекеттик органдары жана биздин министрлер кабинетибиз экономикалык жана соода-сатык иштерин жоопкерчилик менен уюштура алышса, анда биз жакынкы эле жылдарда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы товар айлануунун көлөмүн 2-3 миллиард долларга чейин жеткирүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар», -деп Жамин Акималиев белгиледи.

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий