Жанузак Туран уулу "Ыйман" коомдук фондунун төрагасы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.05.14./Кабар/. Жанузак Туран уулу "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун төрагасы болуп дайындалды. Аталган фонд 2014-жылы КР президентинин аппаратынын буйругу менен түзүлгөн.

Тиешелүү чечим фонддун байкоочу кеңеши тарабынан кабыл алынды.

Биография:

Жанузак Туран уулу 1996-жылы 6-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чымкент айылында туулган.

2019-жылы Ош мамлекеттик университетинин теология факультетин, ал эми 2021-жылы Йылдырым Баязет (Түркия) атындагы Анкара университетинин социалдык илимдер боюнча магистратурасын аяктаган.

Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.

Эмгек ишмердүүлүгү:

  • 2021-2022-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу;
  • 2022-жылы "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун штаттагы кызматкери;
  • 2022-жылдын августунан 2024-жылдын майына чейин Кыргызстандагы Эмират эл аралык кайрымдуулук уюмунун эксперти.

Пикир

Оставить комментарий