• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров: 2-3 жыл аралыгында жүздөгөн кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын ишке берүүбүз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Биз 2-3 жыл аралыгында жүздөгөн кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын ишке берүүбүз керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору” улуттук форумунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө энергетиканын туруктуу өнүктүрүүдө көйгөйлөргө туш болду.

“Стратегиялык объектилерде – Камбар-Ата жана Жогорку Нарын ГЭСтерин куруунун активдүү фазасын баштоо менен бирге энергиянын кайра жаралуучу булактарына артыкчылык берүү керек. Глазгодо өткөн климаттын өзгөрүшү боюнча саммитте президент Садыр Жапаров 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү милдетин алган. Ага жетүү үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактарына көңүл бурушу керек. Бизде энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жогорку потенциалы бар, алардын негизги түрлөрү гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы”, - деди ал.

Жапаров өлкөдөгү ГЭСтин потенциалынын 10% гана пайдаланылып жатканын белгиледи.

“Белгилей кетүүчү нерсе, биздин өлкөнүн аймагы күндөн жылына орточо 4,64 млрд МВт, же 1 чарчы метрге 23,4 кВт энергия алат. Бул потенциал бизде дээрлик пайдаланылбайт. Мындан тышкары, шамал энергетикасын өнүктүрүү үчүн белгилүү мүмкүнчүлүктөр бар, өзгөчө алыскы райондордо энергетикалык активдүү шамалдын узактыгы 5-7 миң саатты түзөт”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий