• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады

Президент 0

Бишкек, 30.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирүү жасады.

Жапаров БШКнын майда-чүйдө катасынан улам өтпөй калган партияларда ишенбөөчүлүк пайда болгонун жазат.

“БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап чыктык. Сервер берген жыйынтыктар БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок. Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат. Кол менен санакка активдүү катышкыла. Санактар бүткөндөн кийин бюллетендерди архив үчүн сактап коебуз. Кимдер кааласа, каалаган участокторун кайсы убакта болбосун ачып, санап алышса болот. Ал эми мага акарат айтып, сөгүп-сагып, атама чейин сөз тийгизип, ишенбөөчүлүк көрсөтүп жаткан аттуу-баштуу эле, Кудайга ишенем деп, дин жолунда жүрүшкөн жарандарыма айтаарым. Мен дагы Кудайга ишенген адаммын. Ооба, атам өмүр бою Кудай жолунда жүргөн инсан болгон. Атамды тынч койгула”, - деп жазган президент.

Өлкө башчысы белгилегендей, бийлик шайлоо процессине кандай кийлигишпеген болсо, БШКнын ишине да дал ошондой кийлигишкен жок.

“Болгону эки талап койдук. Адилеттүү жана мыйзамдуу иштегиле деп. БШК тараптан дагы добуштарды бурмалоо болгон жок жана болбойт дагы. Ооба, БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Бирок добуштарды саноонун жыйынтыгына эч кандай тиешеси жок. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз. Азыр УКМК териштирүү иштерин баштады. БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу?

Балким, “Мен ушундай кылып силерге митингге чыкканга шылтоо жасап берем”, - деп, алдын ала кандайдыр бир күчтөр менен келишип алган эмеспи деген сыяктуу териштирүүлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгын УКМК өзү билдирет”, - деп Жапаров сөзүн жыйынтыктаган.

Пикир

Оставить комментарий