• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жапаров чек арадагы окуядан жабыркаган Лейлек районунун Максат айылына барды

Президент 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, Баткен облусуна иш сапарынын алкагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жабыркаган Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы талкаланган объектилерди, анын ичинде өрттөлүп кеткен мектепти көрүп, ошондой эле турак-жай имараттарынын жана билим берүү объектилеринин курулушу, атап айтканда, 100 орунга эсептелген 2 кабаттуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышты.

Президент ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алар менен баарлашууда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жөнүндө кеңири айтып берди.

Анын айтымында, бул маселенин чечилиши аймактын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз байланыштуу.

Мамлекет башчысы Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп келе жаткандыгын жана мындан ары дагы көңүл буруларын баса белгиледи.

Президент бир дагы жергиликтүү тургун жардамсыз жана керектүү колдоосуз калбастыгына ишендирип өттү.

Ошондой эле Садыр Жапаров гуманитардык жардамдарды даректүү бөлүштүрүү зарылдыгын кошумчалады.

Баарлашуу учурунда жергиликтүү тургундар өткөн окуяларда жабыркагандарга ар тараптан колдоо көрсөтүү, ошондой эле жеке мүнөздөгү бир катар маселелерди көтөрүштү.

Алар бийликтин чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча кылып жаткан аракеттерин колдой тургандыктарын билдиришти.

Ошону менен бирге жергиликтүү эл мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоого жана өлкөнүн ар тарабынан гуманитардык жардамдар келип жаткандыгын белгилөө менен кыргызстандыктарга ыраазычылык билдиришти.

«Биздин үнүбүз сизге жетип жатканына кубанычтабыз», — деп айтышты Максат айылынын тургундары мамлекет башчысына кайрылып жатып.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө жолугушууда айтылган маселелерди чечүү үчүн бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле бардык объектилерди мерчемделген убакытта калыбына келтирип, куруп бүткөрүүнү талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий