Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын gрезиденти Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, энергетика тармагынын ардагерлери менен реформалоо маселелерин талкуулады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ата мекендик энергетика тармагын реформалоо пландары, орто жана узак мөөнөттүү милдеттери тууралуу айтып берди.
Ал бүгүнкү күндө электр энергиясын өндүрүү боюнча пландаштырылган, Токтогул, Үч-Коргон, Ат-Башы ГЭСтерин калыбына келтирүү, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү боюнча долбоорлорду аягына чыгаруу жакынкы келечектеги артыкчылыктуу багыттар экенин белгиледи.
Муну менен катар кичи ГЭСтерди жана альтернативдүү энергия булактарын курууга басым жасалмакчы.
Кубанычбек Турдубаев «Жашыл миллиард» долбоору ишке ашып жатканын, анын алкагында 7 келишимге кол коюлганын кошумчалады.
«Биздин эсептөөлөр боюнча 2022-жылы кошумча кубаттуулук 13 мегаватты, 2023-жылы 146 мегаватты, 2024-жылы 281 мегаватты түзөт. Экинчи этапта Жогорку-Нарын ГЭС каскады, Кара-Кече ЖЭС, Бишкек ЖЭБ-2 сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырабыз. Булар 2026-2030-жылдарга карата долбоорлор. 2030-2035-жылдары Камбар-Ата-1 ГЭСин пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз. Жалпысынан 2035-жылга чейин 4533 мегаватт кошумча кубаттуулукту ишке киргизүү мерчемделүүдө. Бул Кыргызстанды электр энергиясы менен толук камсыз кылат жана экспорттоого мүмкүндүк берет», — деп белгиледи энергетика жана өнөр жай министри.
«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергокомпаниялардын башкы дирекцияларын бир топ кыскартуу, компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бирдиктүү директорлор кеңешин жана ревизиялык комиссияны киргизүү пландары жөнүндө айтып берди.
Ал энергокомпаниялары үчүн бирдиктүү сатып алуулар борборун түзүү боюнча жасалган иштер жөнүндө кошумчалады. Бул максаттарга жыл сайын 9,5 миллиард сом бөлүнөт. Бул чара каражатты кыйла үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Бакыт Сыдыков ошондой эле энергокомпаниялардын ишин оптималдаштыруу маселесин карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Энергетика тармагынын ардагери Ильяс Давыдов ата мекендик энергетика системасынын өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Ал өлкөнүн электр түркүктөрүнүн 80% дан ашыгы деңиз деңгээлинен миң метрден жогору жайгашканын баса белгиледи.
Ошол эле учурда, республиканын климаттык шарттарын эске алганда энергетика тутуму жыл сайын жаратылыш кырсыктары — жер көчкү, кар көчкү, суу ташкыны, жер титирөө көйгөйлөрүнө туш болуп келет. Ильяс Давыдов мындай кырдаалда тиешелүү эмгек шарттарын камсыз кылууга көңүл бурууга чакырды.
Ал бүтүндөй системанын кесипкөйлүгүнө жана натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизип жаткан энергетика тармагындагы кадрлардын алмашуу маселесине өзгөчө токтолду.
Бишкек шаарындагы ЖЭБдин мурунку директору Лев Васильев ыш көйгөйү жана борбордун ЖЭБинде экологиялык жактан таза жана үнөмдүү болгон отунга өткөрүү жөнүндө ою менен бөлүштү.
Анын айтымында, автоунаалардын түтүнүнүн жана жеке сектордун ар кандай нерселерди жагуусунун натыйжасында ыш болуп жатат.
Ал жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөрдү колдоо менен катар тоо кендерин казууну иретке келтирүү зарылдыгын баса белгиледи. Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдө көмүрдүн сапаттык өзгөчөлүктөрүн көзөмөлдөөчү лабораториялар жок экенин кошумчалады.
Энергетика тармагынын ардагери Мирбек Батаканов мамлекет башчысынын тарифтик саясатты кайра карап чыгуу демилгесин колдоорун билдирип, бул маселе көп жылдар бою чечилбей келатканын айтты.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Ибрагим Алиев Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу Кыргызстандын электр энергиясын экспортоого өбөлгө болорун, ата мекендик энергетика тармагындагы абалды бир топ жакшыртарын баса белгиледи.
Соңунда gрезидент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдардын алдына бир катар конкреттүү тапшырмаларды коюп, жолугушууда айтылган бардык сунуштар алардын ишмердигинде эске алынарын белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий