Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы маалымат жыйында жаңы дайындалган премьер-министр Садыр Жапаров Канттагы россиялык авиабаза тууралуу келишим кайра каралышы мүмкүнбү деген суроого жооп берди.
"Жок. Мурда кандай болсо, ошондой калтырабыз", - деди ал.
Ошондой эле ал Россия Кыргызстандын башкы стратегиялык өнөктөшү бойдон каларын билдирди.
Пикир
Оставить комментарий