• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовго атасынын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Атаңыз Мяликгулы Бердымухамедовичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана боордош Түркмөнстан элине көңүл айтуу менен орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», — деп айтылат мамлекет башчысынын кайрылуусунда.

Пикир

Оставить комментарий