Бишкек, 09.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Жарандар 5 жылга чейин жер салыгын төлөөдөн бошотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Ал айыл чарба жерлеринин мүлк салыгын төлөө буга дейре 2022-жылдан 2025-жылга чейин бошотулганын айтты.
“Эми бул мөөнөт дагы узартылып, 2030-жылга чейин салык төлөөдөн бошотуу каралды. Президент айтып кеткендей, 5 жыл ичинде дыйкандарды түйшөлткөн суу маселеси чечилгени турат. Бул албетте мамлекеттин дыйкан-фермерлерге карата жардамы болду десек болот. Ушул маселелер чечилгенден кийин салык төлөө жандандырылат”, - деп белгиледи Кубанычбек Ысабеков.
Пикир
Оставить комментарий