• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жарандар бардык партияларды шайлоодон кийин тартипти сактоого чакырды

Коом 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында коомдук ишмерлер, ишкерлер жана маданият өкүлдөрү бардык партияларды шайлоодон кийин тартипти сактоого чакырды.

УКМКнын генерал-майору Артур Медетбековдун айтымында, шайлоо өнөктүгүндөгү көптөгөн мыйзам бузуулар жана айрым саясий лидерлердин билдирүүлөрү шайлоодон кийин башаламандыкка алып калышы мүмкүн.

"Туруктуулукка чакырабыз. Коомдук-саясий абал тынч болушу керек. Сиздер жакшы билгендей бир ай ичинде кылмыштуу элементтерди колдонуу, добуш сатып алуу аракеттери менен канча мыйзам бузуулар болгон. Бир нече күн мурун Өзгөн районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Мындан тышкары, 500 миңге жакын адамга №2 форма аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Экинчиден, шайлоого катышып жаткан партиялардын лидерлери шайлоочулар менен болгон жолугушууларда көбүнчө радикалдарга жакын пикирлерин жана чакырыктарын айтып жатканын жакшы билесиздер", - деди Медетбеков.

Медетбеков белгилегендей, көптөгөн адамдар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, митингдерге чыгышы мүмкүн.

"Бүгүн жарандардан туруктуу мамлекетте тынч жашоону сурануу үчүн чогулдук. Инвесторлор туруктуу, коопсуз мамлекетке гана келишет жана туруктуу мамлекет гана андан ары өнүгө алат. Биз 2005 жана 2010-жылдары туруксуздуктун айынан өлкө артка кеткен учурду баштан кечирдик. Андыктан, келечекте мындай каталарды кетирбөө үчүн сабак алышыбыз керек", - деди ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий