Жарандар кант диабетин алдын алуу үчүн кантип акысыз текшериле алышат?

Ден соолук 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин алкагында кант диабет оорусун көзөмөлдөө зарыл. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ММК полиси боюнча көрсөтүлүүчү алдын алуу чаралары кант диабетин эрте аныктоого жана олуттуу оорулардын алдын алууга багытталган.

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жарандар катталган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборунда жыл сайын профилактикалык кароодон өтө алат.

- Эгерде оорунун алгачкы белгилери байкалса, диагноз коюу жана дарылоо үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге же эндокринологго тезинен кайрылуу керек;
- Керектүү анализдерди тапшырышы үчүн дарыгерге абалыңызды туура сүрөттөп бериңиз;
- Кабыл алуу, кеңеш алуу, канды жана заараны анализдөө, дагы башка кошумча изилдөөлөрдөн өтүү бардык камсыздандырылган жарандарга, анын ичинде ММК полисин сатып алган адамдарга бюджеттик каражаттардын эсебинен акысыз жүргүзүлөт.

Адистердин пикиринде, диабетти алдын алуу, айрыкча, тобокелге кабылган адамдар үчүн маанилүү. Мындан улам Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бардык жарандарды өз ден соолугуна күн мурунтан кам көрүүгө, медициналык кароодон үзгүлтүксүз өтүп турууга жана сапаттуу медициналык жардамга жетүү үчүн ММК полисин колдонууга чакырат.

Маалымат үчүн: Кант диабети эки түргө бөлүнөт жана алардын ар биринин өзгөчөлүктөрү бар. Биринчи типтеги диабет адатта, балалык же өспүрүм куракта башталат, бирок каалаган убакта пайда болушу мүмкүн. Негизги белгилерге ооздун кургашы, суусоо, табиттин жогорулашы, заара ушатуу, айрыкча түнкүсүн, алсыздык, чарчоо, теринин жана былжыр челдин кургашы жана көрүүнүн начарлашы кирет. Булар экинчи типтеги диабетке да мүнөздүү, ал көпчүлүк учурларда 40 жаштан ашкан куракта ашыкча салмакта же семиздикте пайда болот.

Ошондой эле, кант диабетинин пайда болуу коркунучунун факторлоруна иммунитеттин начарлашы, тукум куучулук, жүрөк-кан тамыр оорулары, туура эмес тамактануу жана алкоголдук ичимдиктер терс таасир тийгизет. Бүгүнкү күнгө чейин бейтаптардын басымдуу бөлүгү, башкача айтканда 80% дан ашыгы экинчи типтеги диабет менен ооруган адамдар.

Пикир

Оставить комментарий