Бишкек, 09.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Жарандар салык төлөбөй койсок, мамлекет мунапыс менен карыздарды кече берет деген түшүнүктөн алыс болушу керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын 1-январына чейинки транспорт салыгынын карыздары кечирилди. Мындан ары жарандар салыктарды өз убагында төлөө керектигин эстен чыгарбашы керек.
“Учурда өлкөбүздө салыктык реформалар болуп жатат. Мына ишкерлерге карата 26-декабрда Жогорку Кеңеште мыйзам кабыл алынды. Ишкерлер өз убагында кээ бир товарларды документи жок алса, легалдаштыруу болуп жатат. Транспорт салыгын төлөбөй калгандарга карата мамлекет тарабынан бир ирет мунапыс жарыяланды. Жарандар реформанын алкагында мүлкүн сатам десе, анда кандайдыр бир карызы болуп калса, салык кызматына барып, маалым кат алышы керек, салыктарын төлөш керек. Салыктардын кечирилиши боюнча президент да белгилеп кетти, жарандар салыкты өз убагында төлөш керек. Анткени салык төлөөлөрдүн түшүүсү аркылуу мамлекеттин жолдорду, ооруканаларды куруу сыяктуу маанилүү иштерди аткарууга мүмкүнчүлүгү жаралат. Ошондуктан жарандар төлөбөй койсок, мамлекет мунапыс менен карыздарды кече берет деген түшүнүктөн алыс болушу керек”, - деп белгиледи Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары.
Пикир
Оставить комментарий