• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору "Евро Хантер Компанинин" ишин токтотту

Коом 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору "Евро Хантер Компани" ЖЧКнын Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишмердигин жүргүзүүгө лицензияларынын аракетин токтотту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, мындай чечим компаниянын кызмат көрсөтүүсүн көпкө күтүү боюнча жарандардан түшкөн даттанууларга байланыштуу кабыл алынды.

Белгиленгендей, аталган ЖЧК "КР жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө" жобонун нормаларын бузган.

Борбор түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана КР жарандарынын кызыкчылыгы үчүн "Евро Хантер Компани" ЖЧКсына төмөнкү талаптарды койду:

  • учурдагы маселелер чечилмейинче жана катталган кардарлардын алдындагы милдеттенмелер аткарылмайынча жаңы талапкерлерди тартууну токтотуу;
  • кызмат көрсөтүүнү көптөн бери күтүп жаткан бардык жарандарга акча каражаттарын кайтарып берүү.

"Борбор кырдаалга көз салып, КР жарандарынын укуктарын коргоо үчүн чараларды көрүүнү улантууда. Ушундай көйгөйлөргө туш болгондорду керектүү маалымат жана жардам алуу үчүн борборго кайрылууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий