Бишкек, 20.12.24. / Чолпон Жумалиева – Кабар/. Жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу биздин артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кезектеги III Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, турак жай маселесин чечип эле койбостон, жарандардын өлкөдө туруктуу жашоосу үчүн шарттар түзүлүүдө.
“Муну менен жакынкы жылдары өлкө боюнча 40 миңден ашуун жаңы батирлерди куруп бүтүрөбүз. Миңдеген үй-бүлөлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, жаңы жашоого реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга аракеттенүүдөбүз. Биз турак жайды мындан да жеткиликтүү кылуу, аймактардын экономикасын чыңдоо жана үй-бүлөлөрдүн узак мөөнөттүү бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн ипотекалык турак-жай курулушун каржылоону мындан ары да уланта беребиз”, - деди Садыр Жапаров.
Пикир
Оставить комментарий