• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жаратылыш ресурстары министрлиги экологиялык агартуу иштерин күчөтүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги экологиялык агартуу иштерин күчөтүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, агартуу иштерин күчөтүүнүн алкагында Нарын мамлекеттик университетинин Агротехникалык жана экономикалык колледжинин студенттерине "Экология жана айлана-чөйрөнү коргоонун негиздери" темасында дарс өткөрүлдү. Дарс Нарын регионалдык башкармалыгынын К.Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун, Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп, жалпы эле экологиялык көйгөйлөр тууралуу сөз болуп, суроо-жооптор жана талкуулар коштолду.

Мындан тышкары, Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркы Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте Калмак-Ашуу орто мектебинин окуучуларына экологиялык агартуу иштерин жүргүзүп, кызыктуу фото капкандардан түшкөн сүрөт жана видеолор көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий