• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жаратылыш ресурстары министрлиги масштабдуу экологиялык акция өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары министрлиги 14-сентябрда “Улуттук тазалык күнү” аттуу масштабдуу экологиялык акция өткөрөт.

Ведомстводон маалымдашкандай, экоакция президент Садыр Жапаровдун "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жалпы республикалык масштабда өткөрүлөт.

Акциянын негизги максаты – таштандыларды өз-өзүнчө чогултуу маданиятын коомго жайылтуу жана жарандардын экологиялык билимин жогорулатуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий