• 87
  • 90.63
  • 0.79

Жаратылыш ресурстары министрлиги студенттер арасында экологиялык олимпиада өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги студенттер арасында экологиялык олимпиада өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара Бишкек шаарындагы Орхус борбору менен биргеликте ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду.

Сынактын максаты – жаштардын көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө буруу жана аларды экологиялык маселелерди чечүүгө катышууга үндөө.

Сынакка жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, жаратылышты коргоо боюнча өздөрүнүн билимин жана жаңычыл мамилесин көрсөттү.

Иш-чаранын уюштуруучулары катышуучулардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана айлана-чөйрөнү коргоого кызыгуусун белгилешти. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана грамоталар тапшырылды.

"Бмз бардык катышуучуларга жана өнөктөштөргө Олимпиада өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгү жана активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындай иш-чаралар салтка айланып, экологияга жоопкерчиликтүү жарандардын жаңы муунун тарбиялоого жардам берет деп ишенебиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий