• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Жарым жыл ичинде жер казынасын пайдаланууга 80 лицензия берилди

Экономика 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында жер казынасын пайдаланууга бардыгы 80 лицензия берилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.

Министрдин айтымында, анын ичинен мамлекеттик ишканаларга 20 лицензия, биринчи берилген өтүнмө боюнча 28 жана 32 лицензия трансформация жолу менен берилген.

“Буга чейин берилген лицензиялардын жалпы саны 2 миң 201ди түзгөн. Анын ичинде изилдөөгө 18, чалгындоого 445, иштетүүгө 1 миң 738 лицензия берилген. Ошондой эле алтынга 162, чачыранды алтынга 136, металдарга 75, көмүргө 392, мунай жана газга 51, жер астындагы сууларга 620, курулуш жана инерттик материалдарга 765 лицензия берилген”, - деди Асел Раимкулова.

Пикир

Оставить комментарий