• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жарым жылда бажы төлөмдөрүнөн 60 млрд сом жыйналды – МЖК

Экономика 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы 2024-жылдын 6 айында бажы төлөмдөрүн чогултуу планын ашыгы менен аткарды.

Ведомстводон билдиришкендей, 2024-жылдын январь-июнь айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу Финансы министрлиги тарабынан 58 млрд 100 млн сом өлчөмүндө белгиленген.

"2024-жылдын 6 айында Мамлекеттик бажы кызматы 59 млрд 619,3 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн камсыздады, болжолдуу көрсөткүч 102,6%га аткарылып, 1 млрд 519,2 млн сомго көп чогултулган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 млрд 822,3 млн сомго көп чогултулду же өсүү темпи 122,2%ды түздү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий