• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жарым жылда Эмгек министрлигине 6,1 миңден ашык жаран кайрылган

Коом 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жарым жылда 6 129 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу ведостводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, кайрылуулар жазуу жүзүндө, электрондук почта аркылуу жана телефон аркылуу, ММК аркылуу жана ведомствонун жетекчилиги менен жеке жолугушуулардын жана коомдук кабылдамага кайрылуулардын жүрүшүндө болду.

Кайрылгандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жашашат, кайрылуулардын саны боюнча экинчи орунда Ош жана Жалал-Абад облустары, үчүнчү орунда Нарын облустары турат.

Министрликке кайрылган ар бир төртүнчү кайрылуу мамлекеттик жөлөкпулдарды жана жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация, дээрлик 18% эмгекти коргоо жана коопсуздук, жумушка орноштурууга көмөктөшүү боюнча.

16%дан ашыгы майыптыкты аныктоо боюнча күбөлөндүрүү процедураларына, жеке ассистенттин кызматын алууга, майыптыгы бар адамдарга тиешелүү башка маселелер боюнча кайрылуулар болду. Министрлик кайрылуулардын дээрлик 87% өз мөөнөтүндө аткарылгандыгын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий