• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жасалып жаткан иштер жана ийгиликтер. Министр Жаманкулов композиторлор менен баарлашты

Маданият 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунда болуп, анын бир катар мүчөлөрү менен баарлашты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу эркин форматта өтүп, учурдагы музыка ышкыбоздорунун көйгөйлөрү, жасалып жаткан иштер жана ийгиликтер талкууланды.

Жыйында Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев баштаган бир катар мүчөлөр бул багытта жасала турган приоритеттүү иш-аракеттер тууралуу талкуу жасап, өз сунуш жана пикирлерин айтышкан.

Алсак, алдыда музыка тармагындагы бардык кызматкерлердин башын бириктирген конференция өткөрүү, учурдагы музыкалык билим берүү тармагындагы өксүктөр, операда жана театрларда коюлуп жаткан опералар жана андагы репертуар маселеси жана автордук укук темалары талкууланды.

Азамат Жаманкулов бүгүнкү күндө министрлик тарабынан бул тармакта жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берип жатып, Насыр Давлесовдун 90 жылдыгына карата “Жол жорго” чыгармасынын оркестрдик партитурасы партиялары менен толук жазылып чыгып, бүгүнкү күндө электрондук түрү даяр деп билдирди. Бул эмгектер жакынкы күндөрдө көбөйтүлүп, оркестрларга, университет жана музыкалык окуу жайларга таратып берүү пландалып жаткандыгын кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу 1939 – жылы 25 - октябрда Кыргыз ССРнин токтому менен түзүлгөн. Быйыл союздун түзүлгөнүнө 80 жыл болот.

Пикир

Оставить комментарий