• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жаш кыргызстандыктар “Радуга” фестивалында байгелүү орун алышты

Маданият 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Жаш кыргызстандыктар Марат Жумабаев жана Арууке Токонова Тюменде (Россия) 24-27-мартта өткөн XVII облустук улуттук балдар көркөм чыгармачылыгынын фестиваль-сынагында байгелүү орундарды алышты. Бул тууралуу “Замандаш” Ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, М.Жумабаев «Хореография» номинациясында 1-даражадагы диплом, ал эми А.Токонова “Аспапта ойноо” номинациясында 3-даражадагы диплом менен сыйланышты.

Тюмендеги кыргыз диаспорасынын төрагасы Канзада Сманова билдиргендей, аткаруучулар «Вокал», «Хореография», “Аспапта ойноо”, “Көркөм сөз” жана “Кол өнөрчүлүк” номинацияларында мелдешишти.

“Биз 4 номер даярдаганбыз. Алардын 2 байгелүү болгону бизди кубандырат. Азыркы балдар элибиздин көп кырдуу салтын жана баалуулуктарына, анын ичинде ыр, бийге кызыгып, үйрөнүп жатканы кубанычтуу”, - деп белгилейт К.Сманова.

Эскерте кетсек, фестивалга Тюмень облусунун шаарларынан жана райондорунан 2 миңден ашуун аткаруучу катышып, 300дөй номер көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий