• 87
  • 91.29
  • 0.84

Жаш окумуштуулар сынагында ОшМУнун кызматкерлери алдыңкы орундарды багындырды

Аймак 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин жаш изилдөөчүлөр жана окумуштуулар арасында жарыялаган сынагынын жыйынтыгы чыкты.

Ош мамлекеттик университетинен билдиришкендей, сынактын жыйынтыгында ОшМУнун кызматкери Шербол Жапаралиев “Жылдын эң мыкты илимий макаласы” номинациясы боюнча экинчи орунду алды. Ал эми Жайнагүл Абдирасулова “Жылдын мыкты жаш окумуштуусунда” экинчи болду. Ушул эле номинация боюнча Салтанат Алишер кызы үчүнчү, Мээргүл Асаналиева төртүнчү орунду багындырды.

Сынактын жыйынтыгы 14-ноябрда Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн майрамдык иш-чаранын алкагында угузулду. Жеңүүчүлөргө министрликтин дипломдору тапшырылды.

Сынакка окумуштуулук даражасы бар же жок экенине карабастан 35 жашка чейинки курактагы жаш илимпоздор катышкан.

Пикир

Оставить комментарий