• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жаш шахматчылар Грециядагы биринчиликке катышат

Спорт 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Кыргызстандыктар Грецияда өтө турган өспүрүмдөр жана кыздар арасында шахмат боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Турнир 19нан 31-октябрь күндөрү Халкидики шаарында өтөт. КРдан барган 6 спортчуну машыктыруучу Азамат Токтокожоев жетектейт:

- 14 жашка чейин - Сакибаев Нурсултан, Алтынбек кызы Асель;

- 16 жашка чейин - Шаршембиев Адил, Майрамбекова Айпери;

- 18 жашка чейин - Абылкасымов Кайратбек, Заирбек кызы Бегимай.

Пикир

Оставить комментарий