• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

"Жаштар парламентинин" өкүлдөрүнө төш белгилер тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. 17-январда ЖК төрагасынын орун басары Аида Касымалиева баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Аида Исмаилова жана Айсулуу Мамашева 2020-жылга карата тандалган "Жаштар парламентинин" өкүлдөрүнө төш белгилерин тапшыруу иш-чарасына катышты. Бул туурасында Жогорку кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаттары өлкө келечеги жаштардын колунда экенин белгилеп, аларды жигердүүлүк менен мамлекеттеги жаңыланууларга салым кошууга үндөштү.

Алсак, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева “Жаштар парламенти” долбоору алгылыктуу иштерди жасап жатканына токтолуп: “Аталган долбоордун алкагында көптөгөн жаштардын ар тараптуу өнүгүп, иши менен коомчулукка таанылып жатканына күбө болуп келебиз. Быйыл тандалган өкүлдөр да өзүн-өзү өнүктүрүү менен катар өлкөбүздөгү жаштар саясатын алдыга жылдырууга көмөктөшөт деген ишеничтемин. Ал эми мамлекет жаштарды бардык багыттан колдоого алышы шарт”, – деди.

Ошондой эле депутат Аида Исмаилова жаштарды тыгыз кызматташууга чакырып, ар убак байланышта болуу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди. Ушундай эле пикирди айткан депутат Айнуру Алтыбаева айрым мыйзамдарды кабыл алууда жаштардын пикирлери да маанилүү экенине токтолду.

Белгилей кетсек, “Жаштар парламенти” долбоору алты-жети жылдан бери жаштардын саясий, атуулдук жигердүүлүгүн арттыруу багытында иш алып барып келет.

Пикир

Оставить комментарий