• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

“Жашыл энергетика фонду” ГЭС куруу боюнча конкурс өткөрдү

Экономика 0

Бишкек, 16.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында “Жашыл энергетика фонду” энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү жана генерацияны көбөйтүү максатында 8 лот- жер тилкесин ижаралоо укугу боюнча конкурс өткөрдү.

"Жашыл энергитка фондунан" билдиришкендей, конкурска жалпысынан 9 компания катышып, жыйынтыгында 5 лот жер тилкеси боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Жеңүүчүлөр жана долбоорлор:

-Чакан ГЭС (6,31 га) – ЖЧК "Ак-Буура Групп" компаниясы, алыскы Зардалы айылына чакан гидроэлектр станциясын курат;
-Күн электр станциясы (147,7 га, Талас облусу, Талас району) – ЖЧК "Суу энержи" компаниясы, күн электр станциясынын курат;
-Чакан ГЭС (1,64 га, Жалал-Абад облусу, Аксы району) – ЖЧК "Афлатун" компаниясы Афлатун чакан гидроэлектр станциясын курат.
-Чакан ГЭС (1,63 га, Жалал-Абад облусу, Аксы району) – бул участкага дагы ЖЧК "Афлатун" компаниясы ээлик кылып, гидроэлектр станциясы курулат;
-Күн электр станциясы (344,3 га, Чүй облусу, Кемин району, Чым-Коргон а/а) – ЖЧК "ИК Новая энергия Инбао" компаниясы күн электр станциясын куруу укугуна ээ болду.

Белгилей кетсек, конкурстун жыйынтыгы боюнча жашыл энергетика тармагына 25 млн сом инвестиция салынат.

Пикир

Оставить комментарий