• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"Жашыл мурас". Нарында Оттук, Кызыл-Үңкүр капчыгайларына 15 миң түп карагай көчөтү отургузулду

Аймак 0

Бишкек 14.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-майда президенттин “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында Нарын районундагы Оттук жана Кызыл-Үңкүр капчыгайларындагы тоонун бооруна 15 миң түп Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул ири жашылдандыруу иш-чарасы Нарын токой чарбасынын жана “Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн” Бириккен уюмунун биргелешкен аракети менен жүзөгө ашты.

Бак тигүүгө Кыргызстандын бардык облустарынын жана Нарын облусунун бардык райондорунун жаштары, студенттери катышты.

Көчөт отургузуу иш-чарасын чын жүрөгү менен колдоого алган президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев демилгечилерге жана демилгени колдогон жаштарга облустун элинин атынан терең ыраазычылык билдирди.

Өкүл быйыл президенттин “Жашыл мурас” акциясынын алкагында “Бир адамдан бир көчөт” иши колго алынып, облустун аймагына бүгүнкүнү кошкондо 180 миңден ашык көчөт тигилгенин, бул иш токтоп калбай дагы улантыла берээрин билдирди. Эң негизгиси көчөттөрдүн өсүп кетүүсүнө көңүл бурулуп, бул үчүн бардык аракеттер жумшалып жатканын, коомчулук да бул маселени колдоого алышы керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий