"Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн ишке ашыруу үчүн атайын эсеп ачылды

Коом 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн ишке ашыруу үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атайын эсеби ачылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Эсеп улуттук кампанияны ишке ашыруу үчүн түшкөн донордук, гранттык каражаттарды топтоону камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен ачылды. Ошондой эле Финансы министрлиги жарандарды, мамлекеттик органдарды, коомдук уюмдарды, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү "Жашыл мурас" улуттук кампаниясына активдүү катышууга чакырат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2022-жылы 12-мартта Кыргызстандагы "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын" алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталганын жарыялаган.

Жыл сайын өлкө боюнча 5-6 млн көчөт отургузуу пландалып, 2022-жылы 8,1 млн көчөт, ал эми 2023-жылы 7,5 млн түп көчөт отургузулган.

Пикир

Оставить комментарий