• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жашыл мурас. Жалал-Абад шаарында эмен, павловния жана арча көчөттөрү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-март күнү Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын эмгек жамааты "Токтогул" паркына эмен, павловния жана арча көчөттөрүн отургузушту. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле шаардык прокуратуранын короосуна дагы эмен, павловния жана арча көчөттөрү отургузулду.

Эскерте кетсек, КР президенти Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында 2022-жылдын 12-мартында "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуп "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн баштаган.

"Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү жалпы өлкө боюнча, ар бир аймакта өткөрүлүп жана жыл сайын өтүүчү салтка айланарын белгиленген. Жыл сайын өлкө боюнча 5-6 млн көчөт отургузуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий