"Жашыл мурас". Жыл башынан бери 400 миңге жакын көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда жаз айларында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу боюнча 32 иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштердин жүрүшүндө 359 миң 803 даана бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду.

Акция Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Токой кызматынын, КР президентинин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн, мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнүн, министрликтин аймактардагы бөлүмдөрүнүн өздүк курамдарынын, экоактивисттердин, "Жердин балдары" жаштар уюмунун, эл-аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жана "Кумтор Голд компани" ЖАКтын катышуусу менен өттү.

2024-жылдын 6-июнуна карата республика боюнча мамлекеттик токой фондусунун аймагына токой чарбалардын күчү менен 1 608 га жерге экме токой түзүлүп, экме токойго 650 миң 896 даана кɵчɵттөр отургузулду жана 5 миң 208 кг токой үрɵндɵрү себилди.

Токой чарбалар калктуу конуштарга жашылдандырууга отургузуу үчүн бардыгы 466 миң 775 даана кɵчɵт материалдарын сатышты, анын ичинен: шаарларга 4 миң 80, айыл өкмөттөргө 110 миң 185, юридикалык жактарга 193 миң 114 даана жана жеке жактарга 159 миң 396 даана.

Пикир

Оставить комментарий