• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Жаздык эгиндерди себүү былтыркы жылга салыштырмалуу 1,3% азайды

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 24-майына карата республикада 663 миң гектарга жакын аянтка жаздык эгиндер себилди, бул өткөн жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 1,3 пайызга аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, себилген айдоо аянттарынын эң чоң үлүшү Чүй облусунун чарбаларына - 31,5 пайыз, Ош облусунун - 16,4 пайыз, Ысык-Көл - 15,2 пайыз жана Жалал-Абад облустарынын чарбаларына - 13,7 пайызы туура келет.

Жалпысы республика боюнча үстүбүздөгү жылдын 24-майына карата жаздык эгин себилген аянтка салыштырмалуу 2020-жылы жалпы республика боюнча дан эгилген аянт 3 пайызга төмөндөдү. Муну менен катар, кант кызылчасынын айдоо аянты 2020-жылдын жаздык өсүмдүктөр эгилген аянтына салыштырмалуу 24,0 пайызга, жашылчалар - 3,2 пайызга, жаздык арпа - 0,1 пайызга көбөйгөн.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын май айында айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан 74,0 миң гектар аянтта - күздүк эгиндерди азыктандыруу боюнча иштер, жана 616,1 миң гектар аянтта жазгы айдоо иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий